Мамлекеттик социалдык буюртма багыты боюнча акыркы 2 жылда 13 818 адам кошумча социалдык колдоо алды. Маалыматты 27-июнда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти. Психологиялык, педагогикалык, юридикалык жана реабилитациялык кызматтарды алгандар: 4678 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала, 2133 майыптыгы бар эрезеге жеткен жаран, 5459 жашоо шарты оор абалдагы бала жана 949 улгайган адам. Мындан тышкары эки жыл ичинде улгайган жарандар, зомбулукка кабылган балдар, селсаяктар үчүн 12 борбор түзүлгөнү айтылат маалыматта.