Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окууда каралды.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорунун максаты мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткарган органдардын жана алардын кызмат адамдарынын административдик ишинин негиздерин жана башкаруусун унификациялоо, оптимизациялоо болуп саналат. Ал өз кезегинде административдик иштин коомдук-укуктук мүнөздөгү негиздерин бекемдөөгө мүмкүндүк берет, администрациялык органдар жана жеке, юридикалык жактардын ортосунда административдик жол- жоболорду жүргүзүүдө укуктук мамилелерди жөнгө салат, административдик актыларга, административдик органдардын аракетине же аракетсиздиктерине даттануу тартиби, административдик актыларды аткарууну, административдик чыгымдарды өндүрүп алууну, административдик жол-жоболор менен келтирилген зыяндын ордун толтурууну аныктайт.
Сунушталган өзгөртүүлөр мамлекеттин, жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыгын канааттандырууга мүмкүндүк берет, ошондой эле экологиялык ченемдерди жана талаптарды сактоонун жана камсыз кылуунун кепилдигин түзүүгө өбөлгө түзөт.
Мыйзам долбоору жактырылып, 3-окууда Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди.