Сооронбай Жээнбеков Кытайда өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумга катышты

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы 27-июнда Кытайда "Жайкы Давос-2016" Дүйнөлүк экономикалык форумунун 10-жыйынынын ачылышына катышты.

"Төртүнчү өнөр жай революциясы жана анын өзгөртүүчү таасири" деген темадагы форум Тяньцзинь шаарында 90 мамлекеттин делегацияларынын катышуусунда өтүүдө. Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян жана Дүйнөлүк экономикалык форумдун президенти Клаус Шваб сөз сүйлөдү. "Дүйнөлүк экономиканы модернизациялоо, жаңы тобокелдиктерди эске алуу менен түзүмдүк реформалоо зарылдыгы тууралуу белгиленди. Мында калкты иш менен камсыздоо маселесине өзгөчө басым жасалды", - деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматы.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасы аталган форумга экинчи жолу катышууда. Биринчи жолу 2011-жылы премьер-министр жетекчилик кылган курамда катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан