Токой фондундагы жерлердеги кенди трансформациясыз казууга багытталган мыйзам долбоору кайчы пикирлерди жаратты

Бүгүн, 27-июнда парламенттеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында “Жерди пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Сунушталган долбоор менен жерди пайдалануу чөйрөсүндө укуктук мамилелерди жөнгө салууга багытталган айрым ченемдик-укуктук актыларынын бир катар жоболорун тактоо киргизилүүдө. Ошондой эле КРнын Жер кодексине, "Жер тилкелерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин башка категориядагы жерлерге, ошондой эле башка түрдөгү чарба жерлеринин башкасына которуу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктарын тактоо жагында тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган. Долбоордо токой фондундагы жерлерден чыккан кен байлыктарды трансформация жүргүзбөй туруп казууга мүмкүндүк берүү маселеси киргизилген. Бул аракеттеги кен иштетип жаткан компанияларды текшерүүнүн натыйжасында жаралган маселе.

Талкууда депутат Дастан Жумабеков мыйзам долбоорундагы мындай сунуш токой фондундагы жерлердеги кен байлыктарды оңой жол менен алып, казууга болгон аракет катары баалап, жаратылыштын арча, карагайларын кыйдырбай сактап калуу зарыл экенин айтты. Арча, карагайлар кыйылып жок болот дегенге каршы оюн билдирген Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдыкалык Рустамов кен иштетүүдөн кийин бардык аймак рекультивацияланары мыйзамда белгиленгендигин жооптоду. Ошондой эле бүгүнкү күндө токой баскан аймактарда кен иштетүүгө 127 лицензия берилгендиги маалым болду.

Комитет төрагасы Мирлан Бакиров баштаган бир катар депутаттар табиятты сактап калуу, токой фондундагы жерлерди сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгы боюнча ой-пикирлерин айтып, буга чейин берилип кеткен лицензиялардын мыйзамдуулугун тиешелүү органдарга тапшыруу керек экенин белгилешти. Ал эми сунушталган мыйзам долбоорундагы токой фондундагы жерлердеги кенди иштетүү боюнча аракеттеги ченем калтырылмай болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан