Айыл чарбасына берилүүчү жеңилдетилген насыянын үстөгүн 7 пайызга түшүрүүгө багытталган мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында жеңилдетилген насыя берүү аркылуу өлкөнүн айыл чарба тармагынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорунун концепциясы каралды.

Демилгечилердин бири, депутат Бактыбек Райымкуловдун айтымында, бүгүнкү шартта 70 пайыз айылда жайгашкан элдин жеңилдетилген насыяларга болгон муктаждыгы өтө жогору, ошондон улам жеткиликтүү жана жеңилдетилген насыялоонун натыйжалуу механизмин түзүү зарыл.

Демилгечилер айыл чарбасы үчүн жеңилдетилген насыялардын төмөн пайыздык коюмун белгилөө боюнча сунуш кылынган чаралар айыл чарба өнүмүн өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, айыл калкын иш менен толук камсыз кылууга түрткү берерин айтат. Ошондон улам алар дыйкандарга берилген насыянын үстөк пайызын 7 пайызга чейин төмөндөтүү сунушун киргизүүдө. Ал үчүн кошумча каражат керектелет.

Биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүнкү күндө өкмөттүн бул маселеге карата чамасы чак экенин, кошумча керектелүүчү 200 миллион сом бюджет үчүн оор болорун, демилге азырынча эртелик кыларын билдирди. Депутат Дастан Жумабеков өкмөттүн көз карашынан кийин азыркы 10 пайыздык жеңилдетилген насыяны эле мыйзамдаштырып берүүнү сунуш кылды. Ал эми депутат Рада Туманбаева жыл өткөн сайын насыялардын үстөк пайызы төмөндөп бара жатканын, ага кошумча бул мыйзамдын аткарылышы кийинки жылдарда белгиленгенин айтып, 7 пайыз деген ченем менен мыйзам долбоорунун концепциясын жактырууга чакырды. Депутат Максат Сабиров аткаруу бийлигине катуу тапшырмаларды берип, дыйкандар үчүн бул маселени чечип берүүгө болот деген ойдо.

Жыйынтыгында депутат Дастан Жумабековдун сунушун эске алуу менен мыйзам долбоорунун концепциясын жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна чыгаруу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан