Нуржан Шайлдабекова БШКнын төрайымы болуп шайланганын аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамынын жыйынында добуш берүү болуп, анын талапкерлиги бир добуштан жактырылды.
Нуржан Шайлдабекова өткөн аптада президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басарлыгынан бошотулган.
Белгилей кетсек, БШКнын жаңы курамы 23-июнда Жогорку Кеңеште шайланган. Президент тарабынан 4, парламенттеги коалициялык көпчүлүк тарабынан 4, оппозициялык фракциялар тарабынан 4 талапкер сунушталып, баары жактырылган.
Иш тажрыйбасы:
1990-1991 - мугалим-стажёр, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетинде лаборант;
1992-1994 - Улуттук илимдер академиясынын Саясат жана экономика институтунда аспирант;
1994-1995 - Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Эл аралык жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитетинин биринчи категориядагы адиси;
1996 - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык жана тышкы экономикалык иштер боюнча комитетинде эксперт;
1997-2004 - Жогорку Кеңештин Эл аралык жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитетиндеги эксперттик топтун жетекчиси;
2005 - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси;
2005-2006 - Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчилигинде биринчи катчы;
2006-2007 - Башкы прокуратуранын экстрадиция жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы;
2009-2010 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эксперти;
2010-2012 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мыйзам чыгаруу иштери боюнча координациялык тобунун жетекчиси;
2012-2015 - КРнын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
2015 - КРнын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары.