Депутат: "Менчиктештирилип кеткен окуу жайлардын жана ооруканалардын имараттарын мамлекетке кайтаруу начар жүрүүдө"

Менчиктештирилип кеткен бала бакчалардын, мектептердин, саламаттык сактоо мекемелеринин имараттарын мамлекетке кайтаруу иштери начар жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча жыйынында депутат Наталья Никитенко билдирди.

Анын айтымында, имараттарды мамлекетке кайтаруу иштерин күчөтүш үчүн саясий эрк керек. "Аймактарда сот же прокуратура аркылуу кайтарылган имараттардын саны абдан аз. Бишкекте бир да имарат кайтарылган жок. Бул көйгөй менен күрөшүү үчүн саясий эрк керек болуп жатат. Жогорку Кеңештин жыйынында бул маселе көтөрүлүп, бала бакчаларды, ооруканаларды менчиктештирген адамдардын аты-жөнүн ачыкка чыгарып жарыяласак алдыга барабыз. Ошондо менчиктештирүүгө тоскоол болот. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө да мамлекеттик имараттарды менчиктештирүү аракеттери жүрүп жатат", - деди Никитенко.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан