“Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол коюлду

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан 27-июнда билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 19-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – премьер-министр башчылык кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кеңеш берүүчү органында бюджеттин долбоорун караганда сот системинин кызыкчылыктарынын өкүлчүлүгүн камсыз кылуу.

Мыйзам “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамдын 8-беренесине толуктоо киргизет. Ага ылайык, бюджеттин долбоорун караганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин курамына депутаттар – Жогорку Кеңештин профилдүү комитеттеринин мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы да кирет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан