Билим алуудагы келишимдик акы улуттук валюта менен гана эсептелиши керек деп сунушталууда

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети 27-июндагы жыйынында “Билим берүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карады. Демилге депутаттар Дастан Бекешев жана Жанар Акаев тарабынан көтөрүлгөн.

Бул мыйзам долбоору мамлекеттин экономикасын дедолларизациялоо, билим берүү уюмдарын бир гана улуттук валюта менен эсептешүүгө өткөрүү, жарандардын финансылык абалын жеңилдетүү, ошондой педагогдук иш алып барууну либерализациялоо максатында иштелип чыккан.

"Аталган мыйзам долбоору билим берүү уюмдарын банкрот абалына алып келбейт. Себеби алар чет элдик валютада киреше алып, өздөрүнүн кызматкерлерине сом менен айлык акы төлөп жатышат. Мыйзам долбоору орточо жана жогору эмес кирешелүү жарандарга билим берүү уюмдарына ашыкча төлөбөстөн, экономикалык кризиске туруштук берүүгө жардам берет", - дешти демилгечилер.

Мыйзам долбоору тарабынан педагогдук ишмердүүлүгүнүн тизмесин кеңейтип, атайын педагогдук билими жана квалификациясыз педагогдук иште иштөө мүмкүнчүлүгү каралган.

Талкуу соңунда “Билим берүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда тармактык комитеттин сунушу менен парламенттин кароосуна чыгарылмай болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан