Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери: "Кытай Кыргыз Республикасынын айыл чарба азыктарын алууну кеңейтүүгө кызыкдар"

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 27-июнда Кытай Элдик Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян менен жолугушту. Жолугушуу Тяньцзинь шаарында "Жайкы Давос-2016" Дүйнөлүк экономикалык форумунун алкагында орун алды.

Жолугушууда мурдараак Өзбекстандын Ташкент шаарында эки мамлекет башчысынын ортосундагы транспорт коммуникациясы, айыл чарба, өнөр жай, соода тармагындагы кызматташуу жөнүндө орун алган келишимдерди ишке ашыруу маселеси талкууланды. Ошондой эле жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу жана терроризмге каршы турууда өз ара аракеттенишүү тууралуу пикир алмашуу орун алды.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик кеңештин премьери Ли Кэцянга "Жайкы Давос-2016" форумуна катышууга чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирди. "КЭР менен кызматташуу Кыргыз Республикасынын тышкы саясатында артыкчылыктуу мүнөзгө ээ. Биз орун алган достук жана коңшулук мамилелерди баалайбыз жана бардык аракетти эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө жумшоого даярбыз. Биздин өлкөлөр ортосунда мындан аркы эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө тоскоолдук келтирүүчү эч кандай саясий пикир келишпестиктер жок", - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасы КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин Жибек жолу экономикалык алкагын түзүү жөнүндө демилгесин активдүү колдоого алат. Атап айтканда, Кытай-Кыргыз Республикасы-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорун Жибек жолу экономикалык алкагы демилгесин иш жүзүнө ашыруунун бир бөлүгү катары кароодо.

Сооронбай Жээнбеков биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга тийиштүү өзгөчө көңүлдү кыргыз айыл чарба продукцияларын КЭРге экспорттоо маселесине буруп, эл аралык стандарттарга байланыштуу продукцияны сертификатташтыруу боюнча лабораторияларды түзүү, айыл чарба продукцияларына карата фитосанитардык уруксат берүү маселесин чечүү максатында кызматташтык зарыл экендигин белгиледи. Ошондой эле Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруу боюнча келишим тууралуу айтылды.

Ли Кэцян Кытай Кыргыз Республикасы менен кызматташуу багытында тең өнөктөш принциптерин жогору баалай турганын билдирди. "Кыргыз мамлекети Кытайдын достук мамиледеги коңшу өлкөсү жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү болуп саналат. Биз Кыргыз Республикасы менен кызматташтыкты активдештирүүгө кызыкдарбыз жана сиздер тараптан айтылган багыттар боюнча колдойбуз", - деди ал. Ли Кэцян Кытай тарап Кыргыз Республикасынын айыл чарба азыктарын алууну кеңейтүүгө жана айыл чарба тармагында кайра иштетүүнү күчөтүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Сооронбай Жээнбеков жана Ли Кэцян бүгүнкү жолугушууда көтөрүлгөн маселелер боюнча эки тараптын тийиштүү мамлекеттик орандарына аларды ишке ашыруу тапшырмасы берилерин билдиришти.

Соңунда Сооронбай Жээнбеков Ли Кэцянды үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу алкагында Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келип кетүүгө, ошондой эле кытай делегациясын ушул жылдын сентябрь айында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанатына катышууга чакырды. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан кабарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан