Чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр кызмат ордуна өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаковдун талапкерлиги каралууда (өмүр баяны)

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр кызматына өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаковдун талапкерлигин жактырды. Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралмакчы.

Айта кетсек, Разаков Жеңиш Парпиевич 1967-жылдын 19-мартында Ош облусунун (азыркы Баткен облусу) Кызыл-Кыя шаарында туулган. Эки жогорку билими бар. 1990-жылы маршал Д.Ф.Устинов атындагы Механикалык институттун механика жана автоматика факультетин аяктаган. 1997-жылы КРнын Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борборун бүтүргөн. 2002-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин (сырттан окуу бөлүмү) аяктаган.

1996-жылдан тарта укук коргоо органдарында иштеп баштаган. 2011-2012-жылдары Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп иштеген. 2012-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Ж.Разаков өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын ээлейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан