Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кытайдагы иш сапарынын алкагында Тяньцзинь шаарынын мэри Хуан Сингуо менен жолугушту.
Премьер кыргыз делегациясын жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип: "Кыргыз Республикасы жана Кытай эки тараптуу мамилелер орногон алгачкы күндөн бери тыгыз байланышты карманып келүүдө. Бизде “алыскы туугандан жакын кошуна артык” деп айтылган лакап бар. Кыргыз мамлекетинин экономикасында бир катар ири биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып жатканын кубануу менен белгилесек болот. Кыргыз тарап кытай тараптын демилгелерин колдоого алат жана ар тараптуу колдоону биз да сезип турабыз", - деди.
Хуан Сингуо Кыргыз Республикасынын айыл чарба продукциясына кызыгарын билдирди. "Сиздерде мыкты айыл чарба продукциясы, анын ичинде таттуу мөмө-жемиштери бар экени бизге белгилүү. Биз сиздердин өлкөдөн айыл чарба продукциясын ташуу боюнча кызматташууга даярбыз", - дейт мэр.
Сооронбай Жээнбеков да кыргыз тарап бул багытта иш алып барууга даяр экенин билдирип, шаарлар аралык кызматташтыктагы алдыга коюлган максаттар ишке ашарына ишенерин айтты.