Президент Алмазбек Атамбаев 28-июнда “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 26-майында кабыл алынган.
Мыйзамдын негизги максаты - Кыргыз Республикасынын салык системинин атаандаштыкка туруктуулугун камсыз кылуу жана аны ЕАЭБге кирүү шарттарына, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюмунун 1993-жылдын 14-декабрында бекитилген эл аралык аба транспорту чөйрөсүндөгү салык салуу маселелери боюнча саясатына шайкеш келтирүү.
Мыйзам расмий жарыялангандан тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.