КМШ аймагында биргелешкен ыкчам тергөө топторун түзүүнүн тартиби тууралуу келишим ратификацияланууда

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 28-июнда Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин аймактарында биргелешкен ыкчам тергөө топторун түзүүнүн тартиби жана алардын иши тууралуу макулдашууну үчүнчү окууда жактырды.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2015-жылдын 16-октябрында Казакстанда кол коюлган бул келишимде биргелешкен ыкчам топтордун кылмыш иштерин биргелешип иликтөө жана тергөө, маалымат алмашуу, экспертизаларды жүргүзүү, буюм-тайымдарды сактоо сыяктуу иш-милдеттеринин тартиби камтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан