Бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызмат ордуна Данияр Мукашевдин талапкерлиги каралды.
Депутат Абдывахаб Нурбаев Мукашевдин талапкерлиги эки ай мурун Кыргыз Республикасынын БУУдагы (Женева) европалык бөлүмүнө туруктуу өкүл катары каралгандыгын эске салды.
Комитет мүчөлөрү Мукашевди Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы элчиси кызматына дайындоого макулдук беришти.
Президент Алмазбек Атамбаевдин кол койгон буйругуна ылайык, ал ушул жылдын 24-февралында Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалган эле.