“Кумтөр” талап кылынган бардык уруксат кагаздарына ээ

"Центерра Голд Инк." компаниясы Кыргыз Республикасында жайгашкан “Кумтөр” ишканасы 2016-жылга "Кумтөр" кениндеги борбордук карьерди иштетүү долбоорунун бекитилишин маалымдайт.

27-июнда Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен (КТЧКжТЧМА) "Кумтөр" кениндеги борбордук карьерди иштетүүнүн атайын долбооруна экологиялык экспертизаны (макулдашуусун) берди. Буга чейин 2016-жылга "Кумтөр" кениндеги борбордук карьерди иштетүү долбооруна өндүрүштүк коопсуздук жана кен байлыктарды коргоо нормалары боюнча экспертизалар алынган.

Компания атмосферага чектелген нормадагы булгоочу заттарды чыгарууга, чектелген нормадагы төгүүлөргө жана таштандыларды жайгаштырууга уруксаттарды алган, демек, "Кумтөр" 2016-жылдын экинчи жарым жылдыгында ишкананын үзгүлтүксүз иштешине талап кылынган бардык уруксат кагаздарына ээ.

"Центерра" жөнүндө компаниянын www.centerragold.com сайтында жана www.sedar.com дарегинде SEDAR системинде жеткиликтүү.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kamyr26
2016-06-28 16:20:21
Сатылып кетипсинер алтындын пайдасы на!
+1
BarsBaatyr
2016-06-30 05:14:38
Шордуу Кыргызым...шайлоодо добуш үчүн алган акчаларыбыздын акыбети ушул.Алдыдагы 4 жылда акылыбызга келээрбиз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан