"Жайкы Давос-2016" Дүйнөлүк экономикалык форумунун профессору: "Кыргыз жергесиндеги демократиялык жетишкендикке жогору баа берем"

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 28-июнда Кытайдын Тяньцзинь шаарында "Жайкы Давос-2016" Дүйнөлүк экономикалык форумуна катышуу алкагында аталган форумдун профессору Клаус Шваб менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

"Мен үчүн сиздин "Жайкы Давос-2016" форумуна катышууңуз чоң сыймык. Сиздин форумга катышууңуз Кыргыз Республикасы менен форумдун ортосундагы өнөктөштүктү бекемдээрине ишенем", - деди Клаус Шваб.

Сооронбай Жээнбеков Клаус Швабга форумга катышууга чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, "Жайкы Давос" өлкөгө өзү тууралуу жарыялоосу үчүн гана эмес, жаңы келечектүү байланыштарды бекемдөөгө жана экономикалык жаңы талаптар менен таанышууга жол ачарын баса белгиледи.

"Кыргыз Республикасы бекем демократиялык принциптерди карманат. Өлкөдө парламенттик башкаруу системинин шартында эки жолу парламенттик шайлоо өтүп, шайлоого көз салып турган эл аралык уюмдардын жана байкоочулардын жогорку баасына татыган", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Клаус Шваб өлкөбүздөгү окуяларга дайыма байкоо салып турганын билдирди.

"Кыргыз жергесиндеги демократиялык жетишкендикке жогору баа берем. Силердин мамлекет өтө чоң эмес болгону менен, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу аркылуу көпчүлүк багыттар боюнча лидерлик позицияга ээ боло алат", - деген оюн билдирди Дүйнөлүк экономикалык форумдун президенти.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын экспорттук мүмкүндүгү жана экспорттук мүмкүнчүлүктү кеңейтүү максатында өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү тууралуу пикир алмашуу орун алды. Тактап айтканда, дүйнөлүк рынокко чыгуу үчүн темир жолдор тармагын өркүндөтүү зарылдыгы тууралуу кеп жүрдү. Бул жаатта премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эскерткендей, Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасы-Кыргыз Республикасы-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорду ишке ашырууда ири эл аралык темир жол түйүнүнүн катышуучусу болот.

Сапар алкагында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кытай Элдик Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян жана Тяньцзинь шаарынын мэри Хуан Сингуо менен жолугушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан