Галина Скрипкина депутаттык мандатын тапшырды

Бүгүн, 29-июнда депутат Галина Скрипкина депутаттык мандатын тапшырып, аны кесиптештери Жогорку Кеңештен салтанаттуу узатышты.

Скрипкина эл өкүлдөрүнө ыраазычылыгын айтып, эми Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагында Кыргыз Республикасын татыктуу көрсөтүүгө бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.

"Жогорку Кеңеш - саясатчыларды өнүктүрүүчү мыкты мектеп, бул жерде ар бир пикир угулат, депутаттар тил табыша алышат. Депутат болуу оор, анткени жарандар ар бир депутатка чоң ишеним артышат. Мен үчүн конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетин жетектөө чоң жоопкерчилик болду. Биз мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган бир топ мыйзамды кабыл алдык. Биздин комитет менен тыгыз иштеген эл аралык өнөктөштөргө, бейөкмөт уюмдарга, депутаттарга ыраазычылык билдирем. Эми Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагында Кыргыз Республикасын татыктуу көрсөтүүгө бардык күч-аракетимди жумшайм", - деди Скрипкина.

Айта кетсек, Галина Скрипкина Евразия экономикалык биримдигинин соттук кызматына дайындалган. Ал Жогорку Кеңештин 4, 5, 6-чакырылыштарынын КСДП фракциясынан депутаты болуп иштеди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан