КСДП фракциясынан Жогорку Кеңешке Максат Эгембердиев депутат болуп бекитилип, ага Жогорку Кеңештин депутаттык төш белгиси жана күбөлүгү берилди. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Эгембердиев КСДПнын БШКга берген тизмеси боюнча Галина Скрипкинанын ордуна депутат болуп келди.
Эгембердиев Максатбек Бакирович 1970-жылы Жалал-Абад шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы. Жогорку билими бар: Дене тарбия кыргыз мамлекеттик институтун машыктыруучу-окутуучу адистиги боюнча бүтүргөн.
1991-1996-жылдары - Жалал-Абаддагы Олимпиада резервинин балдар-өспүрүмдөр спорт-мектебинде машыктыруучу болуп иштеп эмгек жолун баштаган;
1996-2004-жылдары - жеке ишкер;
2004-2009-жылдары - Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты;
2011-2012-жылдары - Р.Санатбаев атындагы №3-Олимпиада резервинин балдар-өспүрүмдөр спорт-мектебинин директору;
2012-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты болгон.
Жетишкендиктери:
Грек-рим күрөшү боюнча СССРдин Спорт чебери, КРнын ардактуу машыктыруучусу, Билим берүүнүн отличниги, Дене тарбия жана спорт боюнча КРнын отличниги.
2009-жылдан тарта Жалал-Абад облусундагы Грек-рим күрөшү федерациясынын президенти.
2011-жылы билим берүүнү өнүктүүгө салым кошкону үчүн КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Ардак грамота менен сыйланган.