Олег Панкратов: "Кыргыз өлкөсү КМШга мүчө мамлекеттердин кызыкчылыгына жооп берген өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар"

"Кыргыз Республикасы 2016-жылы КМШга төрагалык кылган өлкө катары шериктештикке кирген бардык мамлекеттер менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар", - деди вице-премьер-министр Олег Панкратов. Вице-премьер бул тууралуу 29-июнда КМШ мамлекеттеринин Бажы кызматынын жетекчилеринин 63-жыйынында жана Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын бириккен коллегиясынын 19-жыйынында айтканын өкмөттөн кабарлашты.

Панкратов кеңештин кезектеги жыйыны жана бириккен коллегия Кыргыз Республикасы КМШ төрагалык кылган жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракесине карата өтүп жаткандыгынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

“Кызматташтыктын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгында анын негизги жыйынтыгы катары КМШ курамындагы ар бир мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарына туура келген өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүнүн күчөтүлүшү саналат. Бишкек шаарында 6-июнда КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңеши өтүп, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган бир катар документтер кабыл алынды”, - деп белгиледи Олег Панкратов. Ал белгилегендей, КМШнын 25 жылдык мааракесине карата үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Бишкек шаарында КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт.

“Бүгүнкү күндө КМШ курамындагы бардык өлкөлөр өнөктөш мамлекеттердин соода-экономикалык кызматташуусунда Бажы кызматынын натыйжалуу механизм катары иш алып баруусуна кызыкдар. Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында мындай тапшырмалар Бажы кызматтарынын астында турат”, - деп билдирди Олег Панкратов.

Соңунда Панкратов жолугушуудагы бардык катышуучуларга ЕАЭБдин курамындагы жана КМШ өлкөлөрдүн негизги интеграциялык багыттарынын бири болгон нормативдик-укуктук базаларын бир багытта түзүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан