Жогорку Кеңеште өкмөт курамына киргизүү үчүн премьер-министр сунуштаган талапкерлер каралууда

Жогорку Кеңештин бүгүн, 29-июнда өтүп жаткан жыйынында өкмөттүн курамына киргизүү үчүн премьер-министр тарабынан сунушталган талапкерлер каралып жатат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аткаруу бийлигинин ишин оптималдаштыруу, иштин натыйжалуулугун арттыруу максатында өкмөт түзүмүндө чек ара маселелерин тейлеген вице-премьер-министр кызмат орду ачылганын, эки министрлик кайра түзүлгөнүн, эки мамлекеттик комитет түзүлгөнүн айтып, алардын жетекчилигине талапкерлерди тааныштырды.

Чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр кызмат ордуна Жеңиш Разаков, айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министри кызмат ордуна Турдуназир Бекбоев, транспорт жана жол министри кызматына Замирбек Айдаров, Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу комитетинин төрагалыгына Дүйшөнбек Зилалиев, Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына Бакыт Шаршенбиев сунушталууда.

Эске салсак, 2016-жылдын 22-июнунда Жогорку Кеңеш премьер-министрдин сунушу боюнча өкмөт түзүмүн өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан