Жогорку Кеңеш премьер-министр сунуштаган талапкерлерди өкмөттүн курамына киргизүүгө макул болду

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңеш премьер-министр сунуштаган талапкерлерди өкмөттүн курамына киргизүүнү жактырды. Тиешелүү токтомго жыйында катталган 113 депутаттан 108и "макул" деп добуш берди. Каршы добуш берилген жок.

Аталган токтомго ылайык, төмөнкү талапкерлер өкмөттүн курамына киргизилмекчи:

  1. Жеңиш Разаков - чек ара маселелерин тейлеген вице-премьер-министр кызмат ордуна;
  2. ­Замирбек Айдаров - транспорт жана жол министри кызмат ордуна;
  3. ­Турдуназир Бекбоев - айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министри кызмат ордуна;
  4. ­Дүйшөнбек Зилалиев - Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызмат ордуна;
  5. ­Бакыт Шаршембиев - Маалыматтык технология жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызмат ордуна.

Эске салсак, 22-июнда Жогорку Кеңеш премьер-министрдин сунушу боюнча өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алган. Ага ылайык, өкмөт түзүмүндө чек ара маселелерин тейлеген вице-премьер-министр кызмат орду ачылган, эки министрлик кайра түзүлгөн жана эки мамлекеттик комитет түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан