Алмазбек Атамбаев 36 адамдын өмүрүн алган жардырууга байланыштуу Түркиянын президентине көңүл айтты

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-июнда Түркиянын Стамбул шаарындагы террордук актынын айынан адамдардын курман болушуна байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү бүгүн, 29-июнда билдирди.

"Ататүрк атындагы аба майданында көп адамдын курмандыктарына алып келген террордук акт тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз өлкөсүнүн эли боордош түрк эли менен кошо аза күтүп, террорчулуктун бардык түрүн кескин айыптайт", - деп белгиленет мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун жакындарына жана үй-бүлөлөрүнө кайрат айтып, ал эми жабыр тарткандардын тезинен сакайып кетишин тиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан