"Нарын ресторанына жарылуучу зат коюлган" деген маалымат текшерилип, атайын каражаттар табылды

5-апрель күнү саат 21:03тө Бишкек шаардык ИИББине шаардагы Фрунзе көчөсүндө жайгашкан Нарын ресторанында жарылуучу зат коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын ыкчам тобу, Куткаруу кызматынын өкүлдөрү жана тийиштүү адистер барышты. Ресторандын ичине текшерүү жүргүзүлүп, саат 21:45те 8 даана радиоизотоптук түтүндү кабарлагыч (радиоизотопный извещатель дыма) табылган. Саат 00:37де Куткаруу кызматынын унаасы менен Фучик көчөсүндө жайгашкан “Атайын комбинат” ишканасына жеткирилип, окуя болгон жер иликтөө иштери аяктаганга чейин Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп турмай болду. Учурда текшерүү иштери улантылууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан