Чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министр кызмат ордуна Жеңиш Разаков дайындалды. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 29-июнда кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти.
Разаков буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп иштеп келген.
22-июнда Жогорку Кеңеш премьер-министрдин сунушу боюнча өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алган. Ага ылайык, өкмөт түзүмүндө чек ара маселелерин тейлеген вице-премьер-министр кызмат орду ачылган.