Турдуназир Бекбоев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалды

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев КРнын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Турдуназир Бекбоевди мурда ээлеген кызматынан бошотуу менен айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан 29-июнда кабарлашты.

Бекбоев 2015-жылдын ноябрь айынан бери айыл чарба жана мелиорация министри болуп эмгектенген. Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун сунушу менен аталган министрлик Айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жай министрлиги болуп өзгөртүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан