Замирбек Айдаров транспорт жана жол министри болуп дайындалды

Президент Алмазбек Атамбаев КРнын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Замирбек Айдаровду мурда ээлеген кызматынан бошотуу менен транспорт жана жол министри кызматына дайындады. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы 29-июнда кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти.

Айдаров 2016-жылдын апрель айынан бери транспорт жана коммуникациялар министри болуп иштеп келген. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков аткаруу бийлигинин ишин оптималдаштыруу, иштин натыйжалуулугун арттыруу максатында өкмөт түзүмүнө өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Ага ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ордуна Транспорт жана жол министрлиги түзүлгөн.

Президенттин башка жарлыгына ылайык, Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу комитетинин төрагалыгына Дүйшөнбек Зилалиев, Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына Бакыт Шаршенбиев дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан