Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Алмазбек Кадыркулов кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун 30-июнда өкмөттүк аппараттан билдиришти.
Өкмөт башчынын башка буйругунун негизинде Мэлис Мамбетжанов мурда ээлген кызматынан бошотулуп, Кадыркуловдун ордуна дайындалды. Мамбетжанов Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы болуп эмгектенип келген.
Сооронбай Жээнбеков Кадыркулов өкмөттүн бир катар тапшырмаларын аткарбагандыгы үчүн ага сөгүш берген.