Жогорку Кеңеште президент өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн анттарын кабыл алды

Өкмөт мүчөлүгүнө жаңы дайындалган министрлер жана комитет төрагалары бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында ант беришти. Алар:

  1. Жеңиш Разаков - чек ара маселелерин тейлеген вице-премьер-министр;
  2. ­Замирбек Айдаров - транспорт жана жол министри;
  3. ­Турдуназир Бекбоев - айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министри;
  4. ­Дүйшөнбек Зилалиев - Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы;
  5. ­Бакыт Шаршембиев - Маалыматтык технология жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы.
  6. Кашкар Жунушалиев - ички иштер министри;
  7. Эрлан Абдылдаев - тышкы иштер министри;
  8. Алтынбек Максүтов - маданият, маалымат жана туризм министри.

"Мен, (аты-жөнү), (кызматтын аталышы) кызматына киришип жатып өз элимдин, президенттин жана Жогорку Кеңештин алдында Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, Кыргыз Республикасынын элине ак ниеттүүлүк менен кызмат кылууга, жогорку ишеним менен мага жүктөлгөн милдеттерди чын ниетимден жана талыкпай аткарууга ант беремин. Берген антымды бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартам", - деп айтылат анттын текстинде.

Президент Алмазбек Атамбаев өкмөт мүчөлөрүнүн анттарын кабыл алды.

Айта кетсек, 22-июнда Жогорку Кеңеш премьер-министрдин сунушу боюнча өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан