30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоорунун концепциясы каралды.
Демилгечилердин бири Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, референдум жөнүндөгү аракеттеги мыйзамды Конституцияга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.
Сунушталып жаткан конституциялык мыйзам долбоору менен референдум өткөрүү практикасына жаңы автоматташтырылган технологияларды киргизүү үчүн мүмкүндүк түзүлүүдө. Бул фальсификациялоолорду жана бузууларды жок кылууга мүмкүндүк берет. Жарандардын биометрикалык маалыматтарын, ошондой эле референдумдун катышуучуларынын электрондук тизмесин колдонуу киргизилет. Бул адам факторун колдонуу менен шайлоонун жүрүшүнө таасир этүү мүмкүндүгүн болтурбайт. Кайсы маселелер референдумга коюлары жана кайсы маселелер коюлбастыгы белгиленген.
Мыйзам долбоору менен референдумда коюлуучу маселелерди үгүттөөчү, референдумда коюлуучу жана демилгелүү топтун маселелерине каршы үгүттөөчү референдумга катышуучулардын тобунун ишин так бөлүштүрүү сунушталат. Элдик мыйзам чыгаруу демилге жөнүндө мыйзамга ылайык, демилгелүү топ мыйзамдын долбоорун демилге кылууга кол топтойт жана ал юридикалык күчкө ээ болгонго чейин коштоп жүрөт.
Талкууда аталган мыйзам долбоору эмне зарылчылыктан улам демилгеленгендиги такталып, референдум өткөрүүнү 10 миң шайлоочу жана өкмөт тарабынан демилгелөөсү боюнча айрым жагдайлар тууралуу кайчы пикирлер айтылды. Бир катар депутаттар бул мыйзам долбоорун коомчулукка алып чыгып, талкууга алуу зарылдыгын сунушташты.
Жыйынтыгында тармактык комитеттин корутундусунун негизинде мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу менен 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.