"Күрөө жөнүндө" мыйзамга "ипотекалык күрөөлүк" деген жаңы түшүнүк киргизилет

Жогорку Кеңеште ипотекалык жөнгө салуу иштерин жакшыртууга багытталган "Күрөө жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынын берген маалыматына караганда, "Күрөө жөнүндө" мыйзамга "ипотекалык күрөөлүк" деген жаңы түшүнүк киргизилип жатат. Ипотекалык күрөөлүк – документардык баалуу кагаз. Ал насыя уюмунан турак жай мүлкүн сатып алууга ипотекалык насыя алган жеке адам тарабынан чыгарылат. Ипотекалык күрөөлүктү чыгаруу мүмүкүнчүлүгү Жарандык кодексте каралган, бирок аны чыгаруу жана жүгүртүү улуттук мыйзамдарда камтылган эмес. Азыр ошол кенемтени толтуруу зарыл.

Ипотекалык күрөөлүктү, мындайча айтканда, күрөөлүк менен камсыздалган баалуу кагазды чыгаруу жана жүгүртүүнүн укуктук негиздерин түзүү өлкөдө ипотекалык насыя каражаттарын насыя берүүнүн толук жарамдуу механизмин колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Анын аркасында насыя уюмдары ипотекалык насыя берип, ипотекалык күрөөлүктүн негизинде кийинки жаңы ипотекалык насыялар үчүн же кайра каржылоону ишке ашыруу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү тарта алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан