Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" КРнын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу 30-июнда президенттик аппараттан билдиришти.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 26-майында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты – “Насыя маалыматтары менен алмашуу жөнүндө” 2014-жылдын 25-ноябрында кабыл алынган №160-мыйзамдын 28-беренесинин жоболорун турмушка ашыруу.
Мыйзам:
1) "Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүүчү системи жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизет. Ага ылайык:
а) кредиттик бюролордун ишмердиги лицензияланууга жаткан ишмердик түрлөрүнүн тизмесине киргизилди;
б) банктардын, финансы-кредит мекемелеринин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынуучу башка жактардын ишмердигин лицензиялоо да насыя маалыматтары менен алмашуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык аныкталат.
2) “Банктын жашыруун сырлары жөнүндө” мыйзам насыя маалыматтары тууралуу мыйзамдын максаттары үчүн банктын жашыруун сырларын түзүүчү маалыматтарды берүү жана айлануусу тууралуу жаңы 12-1-берене менен толукталат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.