Жогорку Кеңеш өлкөдө көп тилдүү билим берүүнү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды

30-июнда Жогорку Кеңеш өлкөдө көп тил үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган "Кыргыз Республикасында көп тилдүү билим берүүнү киргизүү жөнүндө" токтом кабыл алды.

Депутат Талант Мамытовдун айтымында, Баш мыйзамда бекитилген кыргыз тилинин мамлекеттик статусу этникалык топтор аралык ынтымакты бекемдөөдө, коомчулуктун башын бириктирүүдө чечүүчү мааниге ээ. "Ал эми расмий макамга ээ болгон орус тили улуттар аралык пикир алышуу милдетин аткарат. Мында англис тилинин дүйнөлүк алкакта ээлеген ордун унутта калтырууга болбойт. Ошондуктан бул тилдерди билүү бизге көп артыкчылыктарды берет", - деди ал.

Депутат кыргыз тилинде сабак өтүлгөн мектептерде орус жана англис тилдерин окутууну кыргыз тилинин деңгээлине жеткирүү, ал эми орус тилиндеги мектептерде кыргыз тили менен англис тилдерин окутууну орус тилин окутуунун деңгээлине көтөрүү зарылдыгын белгиледи. "Жогорку Кеңештин токтому аркылуу өкмөткө бул концепцияны 2016-2020-жылдар аралыгында ишке ашыруу үчүн кошумча каражат табуу тапшырмасы берилүүгө тийиш", - деп кошумчалады ал.

Демилгечилердин айтымында, концепция азырынча Жогорку Кеңештин токтому менен ишке ашырыла баштайт, ал эми келечекте атайын мыйзам долбоорун иштеп чыгуу зарыл.

Андан сырткары эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен өкмөт 2016-жылдын 1-декабрына чейин окуучуларга башталгыч класстан тарта мамлекеттик тилди, расмий тилди, дагы бир чет тилин үйрөтүү боюнча концепцияны ишке ашыруу программасын иштеп чыгышы керек. Өкмөткө токтомду аткаруу жаатында бир катар тапшырмалар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан