Жогорку Кеңеш унааларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2019-жылдын 7-февралына чейин узартты. Тиешелүү мыйзам бүгүн, 30-июнда 3-окууда жактырылды.
Айта кетсек, автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзамды V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 24-июнунда кабыл алып, президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 30-июлунда кол койгон. Мыйзам кол коюлган күндөн 6 айдан кийин же 2016-жылдын февралында күчүнө кирген.
Мыйзам күчүнө киргенден тарта унаасын камсыздандырбагандарга чара колдонулушу керек болчу. Өкмөт чара көрүүнү убактылуу артка жылдырган.