Президент Алмазбек Атамбаев Исландиянын президентин футболдогу жеңиши менен куттуктады

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-июнда Исландиянын президенти Оулавюр Рагнар Гримссонду өлкөнүн курама командасы футбол боюнча Европа чемпиондугунун чейрек финалына чыгышы менен куттуктаганын президенттик аппараттан билдиришти.

"Күчтүү командалык деми, кызыктуу оюн, күйөрмандардын сүрөөнү чынында эле сый-урмат жана суктанууну жаратат", - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Оулавюр Рагнар Гримссонго чың ден соолук жана Исландия мамлекетинин элине тынчтык жана жаңы жеңиштерди каалады.

300 миңдей калкы бар бул мамлекеттин курамасы 28-июнда Францияда өткөн оюнда Англия курамасын 2:1 эсебинде утуп алып, алгачкы жолу чейрек финалга чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан