Конституциялык палатанын төрагасы болуп Эркинбек Мамыров шайланды

30-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын судьялары өз жыйынында Конституциялык палатанын төрагасын, төраганын орун басарын, судья-катчыны кайрадан шайлашты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Палатанын төрагасы болуп Эркинбек Мамыров, төраганын орун басарлыгына Куанбек Киргизбаев, судья-катчылыкка Мээргүл Бобукеева шайланды.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" КРнын конституциялык мыйзамына ылайык, Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышы өзүнүн курамынан төраганы, төраганын орун басарын жана судья-катчыны үч жылдык мөөнөткө шайлайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан