Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун 2-3-окууда жактырды (110 депутат "макул", 1 депутат "каршы" деп добуш берди).
Документке ылайык, Медициналык академиядан башка бардык жогорку окуу жайлардагы аскердик кафедралар жоюлмакчы. 25 жаштан 40 жашка чейинки жарандар 50 миң сом төлөп, 30 күн ичинде аскер бөлүктөрүндөгү окуу борборлорунда окуудан өтө алышат. Андан соң алар 1-категориядагы аскердик запаска катталат. Ал эми 30 күндүк окууну каалабагандар 25 миң сом төлөп, 2-категориядагы аскердик запаска каттала алышат.
Мындан тышкары ден соолугуна байланыштуу аскердик кызматты өтөй албагандар буга чейинкидей эле акча каражат төлөбөй запаска катталышат. 1-категориядагы запаска катталгандар гана укук коргоо органдарында, Башкы прокуратурада, Бажы кызматында, Салык кызматында иштей алышат.