Чыныбай Турсунбеков: "Жогорку Кеңештин 9 айлык сессиясы көздү ачып жумганча аяктады"

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын алгачкы сессиясы көздү ачып жумганча аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда маалымат жыйынында парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Төраганын айтымында, ачыктык жана айкындуулук Жогорку Кеңештин ишинин башкы артыкчылыгы болду. "Биздин парламент өлкөбүздө ачык-айкын иш алып барган бийлик бутагы экенин эч ким тана албайт. Ар бир депутаттын баскан-турганын чагылдырып, айткан сөздөрүн, пикирлерин коомчулукка жеткиргени үчүн журналисттерге ыраазычылык билдирем", - деди спикер.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары 2015-жылдын октябрь айында шайланышкан. Бүгүндөн тарта 2 айлык каникулга тарашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан