Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-июлда саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрүн Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:
“Урматтуу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системинин кызматкерлери!
Сиздерди Медицина кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
“Дарыгерлик кесип - бул эрдик. Ал кайратмандуулукту, рухтун жана ниеттин тазалыгын талап кылат” деп жазган улуу орус жазуучусу А.П.Чехов. Дарыгерлик - адам өмүрүнө өмүр, жашоосуна жашоо улаган дүйнөдөгү эң асыл, гумандуу жана ардактуу кесип. Кеселге кабылып, жаныбыз кыйналып турганда алар бизге жардамга келишет. Биз дарыгерге ишенип, эң жакын адамыбызга гана айта турган жүрөк түпкүрүндөгү көйгөйүбүздү айтып, ден соолугубуздун сырларын ачып беребиз. Анын кеңештерин кунт коюп угуп, көрсөтмөлөрүн, рецепттерин кыйшаюусуз аткарабыз, анткени биздин саламаттыгыбыз ушуга байланыштуу болот.
Жарандарыбыздын саламаттыгын сактоо мамлекеттик саясаттын эң негизги артыкчылыктарынын бири. Мамлекет калктын бардык катмарларынын жашаган жерине жана материалдык мүмкүнчүлүгүнө карабастан медициналык жардамдан пайдалануусун камсыз кылуу үчүн чоң күч-аракет жумшоодо. Жаңы клиникалардын жана медициналык борборлордун курулушу башталды, алар сапаттуу жана заманбап жабдуулар менен камсыз болушат.
Медициналык жардамдын сапатын арттырууга, дартты аныктоонун жана дарылоонун жогорку технологиялык ыкмаларын киргизүүгө, адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу системин өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Бүгүн биз өзүбүздүн жаш дарыгерлерибизди жана профилдик адистерди кармап калуу, айрыкча элет жеринде кармап калуу тууралуу тереңирээк ойлонушубуз керек. Биринчи кезекте биз аларга татыктуу эмгек акы төлөшүбүз шарт, бул жакынкы келечектин иши. Дарыгердин эмгеги татыктуу бааланууга тийиш.
Дарыгер – адамзатка кызмат кылууга өзүн арнаган адам. Бүгүн ата мекендик саламаттык сактоонун ардагерлерине, майрам күнү ооруканаларда, төрөт үйлөрүндө нөөмөттө турган, "Тез жардам" бригадаларынын курамында чакырууларга чыгып, адамдардын дартына даба таап жүрүшкөн бардык медициналык кызматкерлерге өзгөчө ыраазычылык билдирем.
Бар болгула, доорубуздун Улукман акелери, көкүрөктөгү мээрим, жүрөктөгү касиет өчпөсүн!
Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, жарык маанай, бакубат турмуш, маанилүү жана жооптуу ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалайм!"