Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков парламенттин айрым пленардык жыйындарына эмнеге аз депутат катышканы тууралуу суроого жообун айтты.
"Бүгүнкү күндө көптөгөн маселелер парламенттик комитеттерде чечилип, пленардык жыйындарда ошол маселелер боюнча добуш берүү гана болуп калды. Бул жаман эмес көрүнүш. Жыйындарда курч маселелер боюнча кайчы пикирлер жаралат. Ооба, жыйындарда депутаттардын катышуусун камсыз кылуу үчүн электрондук чиптерди колдонууга өткөнбүз, тилекке каршы, каалаган максатыбызга жетпедик", - деди Турсунбеков.
Мындан тышкары ал Жогорку Кеңеш 9 айдын ичинде кабыл алган 157 мыйзамдын 98ине президент кол койгонун баса белгиледи. "Парламенттин VI чакырылышынын алгачкы сессиясында 62 пленардык жыйын өттү, 273 мыйзам долбоору каралды. Кабыл алынган мыйзамдардын арасынан 17 мыйзам жаңы иштелип чыкса, 100гө жакын мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Ошондой эле Жогорку Кеңеште 797 токтом, 80 протоколдук тапшырма кабыл алынды", - деди парламент төрагасы.