2016-жылы Кыргыз Республикасынын экономикалык өсүшү 2,7 пайызга, 2017-жылы 2,9 пайызга болжолдонууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда өкмөттүн жыйынында экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.
Анын айтымында, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү тышкы жана ички факторлордун таасирине байланыштуу.
"2017-жылда жана 2018-2019-жылдарда өлкөнүн өнүгүшү алтынга болгон дүйнөлүк баалардын өзгөрүшүнөн, сомго карата доллардын алмашуусунан, "Кумтөр" кенин иштетүүдөн жана башка негиздерден көз каранды. Мунун баары учурдагы жана алдыдагы жылдардын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө түздөн-түз таасирин тийгизет", - деди министр.