2016-жылы жаш балдардын жайкы эс алуусуна республикалык бюджеттен 5 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда өкмөттүн жыйынында билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирди.
Анын айтымында, балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга бөлүнгөн акча каражаттары Профсоюздардын борбордук комитети аркылуу таратылат. "Быйыл 2500 жетим балага жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жайкы эс алуу уюштурулат", - деди Сариева.