4-июлда Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны болот

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында 4-июль күнү Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны болот. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Жыйында төмөндөгү маселелер каралат:

1. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө;

2. Азыркы шарттарда республикада миграциялык процесстерди жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө.

Жыйын жабык режимде өтөт. Анын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров журналисттерге брифинг өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан