Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн жыйынында балдардын жайкы эс алуусунда коопсуздукту камсыздоону өкмөт мүчөлөрүнөн талап кылды.
Анын айтымында, июнь айынын ичинде 20 адам сууга чөгүп каза тапты. "Балдар сууга түшүп эс алган жайларда коопсуздук эрежелери жазылган тактайларды орнотуу керек. Балдардын жайкы эс алуусуна өзгөчө көңүл буруу зарыл. Карелияда кайдыгерликтин айынан чоң трагедия болду. Мындай окуя бизде орун албаш керек", - деди Жээнбеков.
Эскерте кетсек, 19-июнда Карелиядагы Сямозеро көлүндө мугалимдер жана окуучулар бараткан эки кайык оодарылып, 14 адам каза болгон. Алардын 13ү балдар.