КҮНСЕРЕП: Өзбекстан жайыт талашууда

Бүгүн, 1-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Кыргыз-өзбек чек арасында кайрадан конфликт чыкты... Өзбекстандын чек арачылары Аксы районунун Сөгөт айылынын аймагындагы 45 сотых жерди басып алышып, учурда эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатканын Аксы райондук администрациясынан кабарлашты. "Азыркы учурда сүйлөшүү уланууда. Жердин аянты канча экендиги так эмес, биздин билишибизче, 45 сотых", - дешти акимчиликтен. Жергиликтүү тургундар өзбек тарап басып алган жердин аянты 2,5 гектар экенин айтышууда. Талаштуу делген жайытты буга чейин кыргыздар пайдаланып, чөбүн чаап жүрүшкөн. Быйыл барышса, өзбек чек арачылары киргизбей коюшканы белгилүү болду.

Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы аталган аймак кыргыздын жери экенин, бирок "өзбекстандык чек арачылар басып алышты" деген маалымат туура эмес экенин маалымдады. Мекеменин билдиришинче, учурда чек аранын аталган тилкеси кадимки режимде кайтарылууда. Кыргыздарды жайытка киргизбей коюу аракети боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын ырастады.

Бул окуя чек ара маселесин биротоло чечмейинче жаңжал токтобой турганын көрсөтүүдө. Жакында Ташкент шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинде өлкөлөрдүн ортосундагы маанилүү маселелер президенттердин деңгээлинде талкууланганы маалымдалган эле. Суу, жер, жайыт, мунай өңдүү табигый ресурстар дайыма элдер, өлкөлөр ортосундагы талаштын себепчиси болуп келет. Кыргыз өлкөсү башка элдин, өлкөнүн байлыгын талашпаса да өзүнүкүн коргоого үйрөнүшү керек. Табигый ресурстар чектелүү гана.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков журналисттер менен жолугушуп, парламенттин 6-чакырылышынын 9 айда жасаган иши жөнүндө маалымат берди. Спикер Жогорку Кеңеш караган негизги мыйзамдар жана кабыл алынган чечимдер менен катар депутаттардын жүрүм-туруму, аларга айтылган коомдук сындарды, жыйындардагы уруш-талаштар жөнүндө кенен сөз кылды. Журналисттерди коомчулукта талкуу жараткан маселелер дайыма кызыктырат. Турсунбековду курч суроолор четтеп өткөн жок...

Мурунку спикер Асылбек Жээнбековдун кызматтан кеткенден кийинки "бай-манаптык" жоругу көпчүлүктүн кыжырын келтирген эле. Тагыраагы, Ак үйдүн имаратынан 3 бөлмөнү бириктирип атайын иш бөлмө жасатышы катуу сындарга кабылган, бирок айтылган сындар экс-спикерди Ак үйдүн дубалдарын талкалоо оюнан кайтара алган жок. Көпчүлүк депутаттарга бир бөлмө гана берилген, катардагы депутат Жээнбеков бүгүн имараттын 3-кабатындагы 321, 322 жана 323-кабинеттерди ээлеп отурат. Парламент төрагасы Турсунбековго фракциялашынын дал ушул жоругу тууралуу суроо берилгенде ал “Кошумча 1-2 бөлмөнү коштуруп алышы коомчулукта сынга алынды. Бийлик алмашкан убакта ушундай кырдаалдар болуп кетиши мүмкүн” деген кыска жооп узатты. Жээнбековдун жоругу кескин сынга алууга татыктуу болгону менен, төрага сындоого батынбады. Актаган да жок, күнөөлөгөн да жок...

Депутаттык артыкчылыктардан баш тартуу маселесине токтолгон Турсунбеков шаарда үйү жок депутаттардан кызматтык батирлерди алып коюуга каршы экенин ачыктады. ММКдагы чет элдик жарандардын үлүшү 35 пайыздан ашпасын деген норма кошулуп жаткан "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракетин колдой турганын билдирген спикер “120 депутатты ишенип шайлагансыңар, эми аягына чейин ишенгиле” деди.

Ошентип, шайлоочулардын жөжө санай турган маалы келди. Депутаттар 2 айлык каникулга тарашты. 9 ай мурун - парламенттик шайлоо алдында берген убадалары канчалык аткарылып жатканын эл депутаттардан сурашы керек. Жооп берүү кезеги айлык жана пенсияны көтөрүү, элди арзан насыялар менен камсыздоо, каналдарды, жолдорду куруу, депутаттык артыкчылыктардан баш тартуу, парламенттин чыгымын азайтуу сыяктуу убадалар менен добуш алгандарда.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы сезондо 63 пленардык жыйын өткөрүп, 273 мыйзам долбоорун карады. 157 мыйзам кабыл алынса, президент тарабынан 98 мыйзамга кол коюлган. Жаңы иштелип чыккан мыйзамдардын саны – 17.

Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алган 52 мектеп бүтүрүүчүсүнө алтын сертификаттар тапшырылды. Иш-чарага катышкан президент Алмазбек Атамбаев жаштарды адал эмгек кылууга үндөдү. "21 кылым - билимдүүлөрдүн кылымы, силер гүлдөгөн кыргыз өлкөсүн курасыңар деп ишенем. Мен убагында көчө шыпырып, от жагып, айтор, көп жумуштарда иштегем. Силер да эмгектенүүдөн тартынбагыла. Министр болуп мамлекеттин байлыгын уурдагандан көрө көчө шыпырып адал эмгек кылган жакшы. Өлкөгө пайдалуу кесипти тандагыла”, - деди мамлекет башчы.

Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргыз Республикасында өлкө бюджетинин 20 пайызы билим берүү тармагына жумшалат. Бюджетинин бештен бир бөлүгүн билим тармагына жумшаган дүйнөдө кыргыз өлкөсүнөн башка мамлекет жок экенин президент өз сөзүндө белгиледи. Быйыл республикалык тестирлөөгө 50 039 окуучу катышып, эң жогорку делген 237 балды Бишкек шаарынын №61-мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Данияр Ибраимов алды. Былтыр республикалык тестирлөөгө 52 051 окуучу катышып, анын 54ү алтын сертификатка ээ болгон эле. Мектепти жаңыдан аяктап, кесип тандоо алдында турган жаштарга минтип президенттин көңүл бурушу алардын билим алууга, өсүүгө, өнүгүүгө кызыгуусун күчөтөт.

Быйыл жогорку окуу жайларда абитуриенттер үчүн 5700дөй бюджеттик орун берилгени белгилүү болду. Келишимдик негизде окууга быйыл 110 баллдан жогору алган абитуриенттер тапшыра алышат. Адаттагыдай, алтын сертификат алган бүтүрүүчүлөр өзү каалаган окуу жайына бекер окууга мүмкүнчүлүк алышты. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, 2015-жылы жалпы республикалык тесттен алган алтын сертификаттарын 30 абитуриент колдонгон жок. Кыргыз жериндеги ЖОЖдордун билим берүү сапатына ишенишпей, билим алууну чет өлкөдөн улантууну тандап кеткендери көп. Демек, дилгир жаштарды өлкөдө кармап калуу үчүн билим берүүнүн сапатын көтөрүү зарыл. Чет элдик белгилүү окуу жайлардын филиалдарын кыргыз жерине ачуу - мезгил талабы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан