Президент Алмазбек Атамбаев "КРнын айрым мыйзам актыларына («Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө», «Билим берүү жөнүндө» жана «Маданият жөнүндө» КРнын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КРнын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан 1-июлда кабарлашты.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 18-майында кабыл алынган. Мыйзамдын максаты – аракеттеги мыйзам нормаларындагы карама-каршылыктарды жоюу.
2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" жана "Маданият жөнүндө" мыйзамдарга киргизилген мамлекеттик маданият уюмдарынын материалдык-техникалык базасын ижарага берүүдөн алынган кирешелерди бөлүштүрүүгө байланышкан оңдоолорду албаганда, мыйзам расмий жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.