Социалдык фонддун төрагасы Нурдин Ибраев кызматынан бошотулду

Социалдык фонддун төрагасы Нурдин Ибраев кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүк аппараттан 1-июлда билдиришти. Ибраев кызматтан өз каалоосу менен жазган арыздын негизинде бошотулду. Ал аталган кызматка 18-апрелде келген.

Өкмөт башчынын башка буйругуна ылайык, анын ордуна Теңизбек Абжапаров дайындалды. Абжапаров аталган фонддун төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан