“Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 26-майында кабыл алынган.

Мыйзам ченемдик-укуктук актыларды инвентаризациялоонун жыйынтыктары боюнча, "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" КРнын мыйзамын Конституцияга, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамга, “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” мыйзамга шайкеш келтирүү максатында кабыл алынды.

Мыйзамдын негизги жоболору өкмөттүн, саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын кан жана анын компоненттеринин донорлугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарын аныктоого жана тактоого багытталган.

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан