30-июнда өзбек чек арачылары Аксы районунун Сөгөт айылынын аймагындагы 45 сотых жер тилкесин басып алганы кабарланган. Мамлекеттик чек ара кызматы аталган тилке Кыргыз Республикасынын карамагындагы тилке экенин билдирген. 1-июлда эки тараптуу комиссия маселени жеринде карап чыгып, жергиликтүү тургун Замир Баназаров чөп чаап жатып өзбек чек арасы тарапка 20 метр кирип кеткен деген жыйынтыкка келди. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 2-июлда Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы Алтын Кутманов билдирди.
"Сөгөт айылынын тургуну Замир Баназаров чек арага чектешкен 45 сотых жерди пайдаланып, чөбүн чаап алып жүргөн. 30-июнда аталган жердин чөбүн чаап жатып 20 метр өзбек чек арасына кирип кеткен. Комиссия карап чыгып, анын өзбек чек арасынын аймагына өтүп кеткенин тактады. Ал эми ал пайдаланган 45 сотых жер кыргыз өлкөсүнүн такталган тилкеси", - деп билдирген Кутманов. Учурда абал тынч экенин кошумчалады.