Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 1-июлда өткөн өкмөт жыйынында Талас облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеевге төө буурчакты сатуу боюнча ишти жөнгө салууну тапшырды.
Дайыр Кенекеевдин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата жергиликтүү дыйкандардан төө буурчак сатып алып жаткан 18 фирма менен келишим түзүлгөн.
Кенекеев 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча облустун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын райондогу социалдык-экономикалык абалды өнүктүрүү маселесин чечүү боюнча уюштуруучулук иштери тууралуу маалымат берди.
Сооронбай Жээнбеков облус боюнча айрым экономикалык көрсөткүчтөр боюнча төмөндөөлөр да байкалып жатканын айтты. "Кемчиликтердин катарына электр энергиясы үчүн дебитордук карыздардын көбөйүүсүн келтирсек болот, ошол эле учурда башка аймактарда бул көрсөткүч кыскарууда. Бул багытта тийиштүү чараларды кабыл алуу керек", - деп белгиледи өкмөт башчы.